ОшМУнун окутуучулары бүткүл дүйнөлүк англис тили мугалимдеринин конференциясына катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары бүткүл дүйнөлүк англис тили мугалимдеринин конференциясына катышты

Image

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин улук окутуучулары Чинара Жээнбекова жана Анара Тажибаева ушул жылдын 22-26-март күндөрү АКШнын Пенсильвания штатынын Питтсбург шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк англис тили мугалимдеринин TESOL-2022 конференциясына катышып, презентация жасашты.

Жогорудагы окутуучулар Казакстандын Астана шаарында жайгашкан англис тили программаларынын регионалдык офиси тарабынан Орто Азия мамлекеттеринин мугалимдеринин эл аралык конференцияларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн артыруу максатында уюшулган "Proposal Writing for Success at International Conferences" долбоорунун алкагында жолдомо алышкан. Аталган долбоорго Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекстандан катышкан 30дан ашуун окутуучулардын арасынан 14 окутуучу  тандалып алынган.

Эл аралык конференцияда 100 мамлекеттен 2000ден ашуун катышуучу болду.

Фото галерея