Эл аралык медицина факультетинин деканын шайлоо өтөт

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык медицина факультетинин деканын шайлоо өтөт

Image

“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” жобосуна ылайык ОшМУнун эл аралык  медицина факультетинин  деканын шайлоо өткөрүү боюнча ректордун  буйругунун негизинде, уюштуруу комитети түзүлдү. 
Уюштуруу комитетинин төрагасы ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент Замирбек Божонов.
Факультеттин деканын шайлоо боюнча курамда ОшМУнун окумуштуу катчысы Дж. Асанбекова, ОшМУнун кесиптик кошунунун төрагасы, доцент  А.Саттаров,  ОшМУнун укук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы У. Суеркулов, Эл аралык медицина факультетинин паталогия, базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы, доцент  А.Момунова, факультеттин №1 клиникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы С.Маматова,  факультеттин профбюро төрагасы С. Джолдубаева бар. 
Уюштуруу комитети 28-мартта Эл аралык медицина факультетинин жамааты менен  жыйын өткөрдү.