«ОшМУ БжМ» командасы II Республикалык олимпиадада байгелүү орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

«ОшМУ БжМ» командасы II Республикалык олимпиадада байгелүү орунду ээледи

Image

Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин менеджмент кафедрасы 25-март күнү менеджмент предмети боюнча жогорку окуу жайлар арасында студенттик II Республикалык олимпиадасы өткөрдү.

Олимпиадага катышкан 14 жогорку окуу жайдын  ичинен ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин командасы 3-орунду ээледи. Командада менеджмент багытынын 2-3-курсунун студенттери Айнуска Орозмаматова, Назима Токторова, Александра Вдовкина, Айжаркын Абдыразаковалар бар, аларды Менеджмент жана маркетинг кафедрасынын доценти К. Сакибаев жетектеп барган.

Фото галерея