Эл аралык медицина факультетинин студенти Евразия кубогунда жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык медицина факультетинин студенти Евразия кубогунда жеңишке жетти

Image

23-26-март күндөрү Бишкек шаарында спорттун пауэрлифтинг түрү боюнча Евразия кубогу өттү.
Мелдешке катышкан ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 2-курсунун студенти Ниматжан Абдурахимов 20-23 жаш курактагы спортчулар арасында 100 кг салмак категориясында 105 кг,160 кг, 165 кг салмакты көтөрүүдө кош таймаш, оордукту туруп көтөрүү жана жатып көтөрүү боюнча үч багытта 1-орунга ээ болду. 
Эл аралык медицина факультетинин деканынын м.а. Р. Калматов жеңиш менен келген спортчуну куттуктап, окуусунда жана спортто ийгиликтерди каалады.

Фото галерея