Баткен педагогикалык колледжинин студенттери ОшМУ менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Баткен педагогикалык колледжинин студенттери ОшМУ менен таанышты

Image

Баткен педагогикалык колледжинин директору Тазагул Мусаева баштаган окутуучулардан жана студенттерден турган делегация 30-мартта ОшМУга келишти. Коноктор алгач окуу жайдагы жыйынга катышты. Анда мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор М.Шарипова ОшМУдагы  билим берүү, эл аралык байланыштар, коомдук-маданий иш-аракеттери боюнча маалымат берди. Делегацияны жетектеп келген колледждин директору Тазагул Мусаева ОшМУнун бүтүрүүчүсү экендигин, билим алган окуу жайы, окуткан окутуучулары  менен дайыма сыймыктанып келерин белгиледи. ОшМУ билим гана бербестен студенттерди адамгерчиликке, меймандостукка, турмушка да тарбиялап келерин айтты. 

 Делегация окуу жайдын музейи, маркетинг коммуникация жана коомчулук менен байланыш борборунун окуу лабораториясы менен таанышты. Ошондой эле STEM инновациялык колледжи, Индустриалдык-педагогикалык колледжине саякат жасашып, окутуучулар, студенттер менен жолугуп тажрыйба алмашышты. Жыйынтыгында Баткен педагогикалык колледжинин жамаатына ОшМУнун ректорунун атынан ыраазычылык кат, көркөм адабий, усулдук китептер тапшырылды.

Иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктарды бекемдөө, окутуучулар, студенттердин  мобилдүүлүгүн арттыруу, тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.

Фото галерея