Акыл айга жеткирет

Башкы Жаңылыктар

Акыл айга жеткирет

Image

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери менен ОшМУнун акыйкатчы аппараты жолугушуу уюштурду. Жолугушуунун алкагында колледждин 1-курстарынын арасында "Акыл айга жеткирет" аттуу интеллектуалдык акыл таймашы өттү.

 Төрт турдан турган акыл таймаштын үч туру командалар арасында өтсө, акыркы туру "Мыкты команда капитаны" деген аталыштагы капитандардын жарышы менен коштолду.

 Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командаларга ОшМУнун грамоталары тапшырылды. Ал эми колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Элназар Каримбаевге ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкованын ыраазылык баракчасы ыйгарылды.

Иш-чара студенттердин  интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу жана достук мамилесин бекемдөө жана максатында уюштурулду.

Фото галерея