Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча конок лекция болду

Башкы Жаңылыктар

Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча конок лекция болду

Image

Эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсү, БУУнун азык-түлүк программасынын азыркы учурда Ош жана Жалал-Абад областары боюнча адиси Таттыбүбү Бегалиева лекция окуду. Конок лекция «Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасы» деген  темада болду. Ага эл аралык мамилелер факультетинин студенттери катышты. 
Лекцияда Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын максаттары жана бул программанын Оштогу иш-чаралары боюнча маалыматтар айтылды. Студенттер кызыккан суроолоруна тиешелүү жоопторду алып, фактылар менен бөлүшүштү.
Ошондой эде студенттер Кыргызстанда тамак-ашка байланыштуу кандай көйгөйлөр бар экенин жана программа аларды кантип чечери боюнча маалыматтарды алды. Студенттер бул программанын алкагында жана жалпысынан БУУнун кичи уюмдарында  стажировкадан өтүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр боюнча кабардар болду.

Фото галерея