ОшМУнун студенттери Ташкентте билим алууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери Ташкентте билим алууда

Image

Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетине эки тараптуу келишимдердин алкагында бир айлык окууга барышкан ОшМУнун студенттери жатаканада Нооруз майрамына арналган кечеге катышты. 
Студенттер кыргыздын каада-салтын чагылдырышып, “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышып, улуттук бий бийлешти. Майрамда улуттук  тамак-аш көргөзмөсү көрсөтүлүп,  спорттук мелдештер да өттү.
 Кечеге башка өнөктөш  жогорку окуу жайлардан  келген студенттер дагы катышты.  
 Өзбекстан улуттук университетинде учурда ОшМУнун  20 студенти билим алып жатышат.  Май айынын башында дагы 20 студенттин баруусу күтүлүүдө.  Ал эми 4-8-апрель күндөрү бул окуу жайга педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Ч. Гапарова баштаган делегация тажрыйба алмашуу максатында барышат.

Фото галерея