Корей билим берүү борборунун директору ОшМУга келди

Башкы Жаңылыктар

Корей билим берүү борборунун директору ОшМУга келди

Image

Кореянын  Бишкектеги билим берүү борборунун директору Ким Джэёнг ОшМУга иш сапары менен келди. Эл  аралык байланыштар департаментинин директору А. Абдувалиев менен жолугуп, билим берүү багытындагы кыргыз-корей мамилелерин өнүктүрүү, корей окуу жайлары менен ОшМУнун кызматташтыгын кеңейтүү, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин базасында ачылган “Корей тили” борборунун ишин жакшыртуу  маселелерди тууралуу пикир алышты. Ошондой эле коноктор “Корей тили” борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Учурда дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде корей тили адистиги ачылып, студенттер билим алып жатышат. Аларга Кореядан келген окутуучу-волонтер Кан Джиен билим берүүдө.

 

Фото галерея