КМШнын мыкты студенти – 2022

Башкы Жаңылыктар

КМШнын мыкты студенти – 2022

Image

Казакстандын жалпы улуттук “Бобек” кыймылы, жаш окумуштуулардын эл аралык ассоцияциясы (Казакстан, Нур-Султан) тарабынан уюштурулган сынакка  КМШнын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.  Сынакта  студенттердин  илим, искусство, спорт жана башка багыттар боюнча ийгиликтүү жана жигердүү  иш-аракеттери каралды.                                 Жыйынтыгында , эл  аралык медицина факультетинин 6-курсунун студенти Мохд Файзан Сидикки илим жана искусстводогу ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн I даражадагы диплом жана “КМШнын мыкты студенти – 2022” медалы менен сыйланды. Бул сыйлыктарга ээ болгон студенттер “Таланттуу жаштардын эл аралык энциклопедиясы, «КМШнын мыкты студенти – 2022» жыйнагына киргизилет. 
Мохд Файзан Сидикки 2021-жылы ушул эле номинациянын "Жаш окумуштуу" наамын алган. Студентти  эл аралык медицина факультетинин деканынын  м.а. Р.Калматов куттуктады.

Фото галерея