Социалдык жана маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулады

Башкы Жаңылыктар

Социалдык жана маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулады

Image

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынында бир нече министрликтерде эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирди. 

«Менин Жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк»,-деди Президент.

«Эми билим берүү министрлигине токтололу.

Министрликке быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүп бердик.

Муну менен Билим берүү министрлиги — эң көп каржыланган министрлик болуп калды.

Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50  пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик.

Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү. 

Ушул жерден биз баса белгилеп коюшубуз керек.  Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болоор замат, дагы да жогорулатып беребиз. Бирок аларга коюлган талабыбызды да мындан ары катуу коебуз! 

Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз. 

Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер! 

Мындан жогору ардак да, аброй да башка кесиптерде өтө аз.

Мектепке чейинки билим берүү  мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80%га өстү.

Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

 

Толук маалымат жана фото  http://www.president.kg  сайтынан алынды.