Жогорку окуу жайларга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт

Башкы Жаңылыктар

Жогорку окуу жайларга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт

Image

4-апрель күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык кеңешмеси өттү. 
Жыйында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баяндама жасап, анда төмөнкүлөргө токтолду:
"Жогорку окуу жайларды ɵнүктүрүүнүн багыттары - билим, илим, бизнес жана өндүрүш;
- 5 университетке өзгөчө статус берүү: экономикалык жана өндүрүштүк эркиндикке ээ болуу, стандарттарды, абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитүү, филиалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ачуу жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүүгө ээ болушат;
- Тɵртүнчү муундагы университет: инновациялык долбоорлордун толук жашоо цикли "идея-продукт" ишке ашырылат;
- жогорку окуу жайларды ирилештирүү – ресурстарды топтоо жүргүзүлɵт". Алмазбек Бейшеналиев кайрадан  Билим берүү жана илим министри болуп февраль айында дайындалган. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

Маалымат жана сүрөттөр Билим берүү жана илим министрлиги баракчасынан алынды.

Фото галерея