Элзада Момунжанова жылдын мыкты спортчусу аталды

Башкы Жаңылыктар

Элзада Момунжанова жылдын мыкты спортчусу аталды

Image

Ош шаардык мэриясы уюштурган дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган  салтанаттуу иш-чарада  ОшМУнун студенти Элзада Момунжанова алыш күрөшү боюнча ""2021-жылдын мыкты спортчусу" сыйлыгына татыды. Ага  50 000 сом сыйлык ыйгарылды. 
Элзада Момунжанова Казан  шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген.   Алыш күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын 4 жолку чемпиону, Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатында  1-орунду, Кореяда өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орун,  грэпплинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону. Ушу-Саньда боюнча  Кыргыз Республикасынын чемпиону. Борбор Азиянын чемпиону жана профессионал кыз-келиндер арасында өткөн мелдештердин  жеңүүчүсү жана Алтын курдун ээси. Пенчак Силат каратэнин түрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, Борбор Азиянын чемпиону. Малайзияда өткөн Дүйнө Кубогунда 2-орунду алган.  Кол күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону. Азия чемпионатында 2-орунду алган.

Фото галерея