![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” деген Жобого ылайык 9-апрелде Эл аралык медицина факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо өттү.
Шайлоонун жыйынтыгында жамаат м.и.д, профессор Роман Калматовду Эл аралык медицина факультетинин декандык кызмат ордуна 5 жылдык мөөнөткө бир добуштан шайлашты.
Шайлоону уюштуруу комитетинин төрагасы, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов декандык кызматка шайланган профессор Роман Калматовга ийгилик каалап, аксакалдар ак батасын беришти.