Парламентте 50 алдыңкы университетке өткөн студенттерге стипендия төлөө демилгеси көтөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

Парламентте 50 алдыңкы университетке өткөн студенттерге стипендия төлөө демилгеси көтөрүлдү

Image

8-апрелде Жогорку Кеңештин “Альянс” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында  “Аргымак” стипендиялык программасын демилгелөө маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жыл сайын дүйнөдөгү рейтинги жогору 50 университеттин магистратурасына өз күчү менен өткөн жарандарды каржылык жактан колдоо максатында демилгеленүүдө.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу сунушту колдой тургандыгын айтып, министрлик тарабынан да тийиштүү программалар иштелип жатканын билдирди.

“Студенттерди окутуу багытында Россия, Казакстан, Беларусь, Кытай, Венгрия, Түркия, Латвия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери менен бир катар келишимдер түзүлгөн. Учурда бөлүнгөн квотанын негизинде аталган өлкөлөрдө студенттерибиз билим алып келет”, – деди министрдин орун басары.

Маалымат https://kg.eurasiatoday.ru/society/education/7359 сайтынан алынды.