Садыр Жапаров “Ош шаардык клиникалык ооруканасын ОшМУга өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Башкы Жаңылыктар

Садыр Жапаров “Ош шаардык клиникалык ооруканасын ОшМУга өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Image

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Кеңешмеде ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Саламаттык сактоо уюмдарын жана медициналык билим берүүнү регионалдык өнүктүрүү” долбоорунун алкагындагы алгылыктуу перспективаларга токтолду.
Алардын негизгиси Ош шаарынын Курманжан Датка кочөсүндө жайгашкан Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо, анын инфраструктурасын модернизациялоо, ошондой эле ОшМУнун клиникалык базасын кеңейтүү аркылуу медицина тармагына көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.
Реформалардын алкагында клиниканын инфраструктуралык объектилерин куруу, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо, бизнес-процесстерди долбоорлоонун заманбап системасын киргизүү пландаштырылууда. Алдыдагы үч жылда долбоорго тартылган инвестициянын көлөмү 1 миллиард 891 миллион сомду түзөт.
Маалыматты уккан соң президент Садыр Жапаров презентациянын алкагында айтылган нерселер “кагаздагы кооз сүрөт эмес”, чындыкка дал келиши керек экенин белгиледи. Саламаттыкты сактоо, медицина тармактарын өнүктүрүүнүн негизги максаттарына жетүү үчүн болгон адамдык жана илимий потенциалды колдонуу өтө маанилүү.
“Биздин милдетибиз – өлкөнүн жарандарына кам көрүү. Ал эми биз медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана башка көптөгөн багыттар боюнча зарыл чараларды көрүшүбүз керек. Жогорку медициналык билим берүү системасы медициналык кадрларды даярдоодо сапаттуу бурулуш жасоого тийиш – бул профессордук-окутуучулук курамдын маанилүү миссиясы”, - деди Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы бул реформаларды ишке ашырууда ОшМУнун жетекчиси жеке жоопкерчиликти аларын өзгөчө белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча талкууларды эске алуу менен президент Садыр Жапаров “Ош шаардык клиникалык ооруканасын (Ош шаары Курманжан Датка көчөсү) ОшМУга өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду

 

Фото галерея