“Стоматологдун жолу” аттуу мотивациялык жолугушуу өттү

Башкы Жаңылыктар

“Стоматологдун жолу” аттуу мотивациялык жолугушуу өттү

Image

ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистигинин  2011-жылкы бүтүрүүчүсү, хирург, имплантолог, ортопед Ахмед Ибрагим уулу өзүнүн жетишкен ийгиликтери, басып өткөн жолу,  жөнөкөй имплантанциядан татаал имплантацияга чейин болгон жаңы ыкмалар тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жолугушууга Медицина факультетинин стоматология адистигинде билим алып жаткан 3-4-5-курстун студенттери, ординаторлор, окутуучулар катышты.

Иш-чаранын алкагында ректор К.Кожобековдун кабыл алуусунда болуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышты. Андан соң өзү билим алган Медицина факультети, стоматологиялык клиникада болуп, студенттерге учурда бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи. Билим алган устаттары менен жолугушуп, жакынкы аралыкта стоматология адистигинин бүтүрүүчү курстары жана ординаторлору үчүн Стамбул шаарындагы Санарип  стомалогия боюнча окуу борборунда 2 жумалык окуу курстарын акысыз уюштуруп берерин айтты.

ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири Ахмед Ибрагим уулу  учурда Стамбул шаарындагы Санарип  стомалогия боюнча окуу борборунун директору,  5 кабаттуу жеке клиниканын кожоюну болуп саналат.

Фото галерея