ОшМУ 28-апрелде “Ачык эшиктер күнүн” өткөрөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ 28-апрелде “Ачык эшиктер күнүн” өткөрөт

Image

“Ачык эшиктер күнү” 28-апрелде   университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү максатында өткөрүлөт.
Иш-чарада окуу-жайдын факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери билим жарманкесин тартуулайт. 
“Ачык эшиктер күнүнө” карата мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Менин тандоом – ОшМУ»  деген аталыштагы  эссе сынагы өтөт.
ОшМУ  бул күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүн, мугалимдерин, ата-энелерин конок катары чакырат.
Келген коноктор каалаган адистиктер боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болушат. Университеттин бардык факультеттерине саякаттоого да мүмкүнчүлүк болот.
ОшМУда кесипке багыт берүү иш-чарасы жыл сайын уюштурулат. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана Ош шаарынан жалпы 5000 ден ашуун абитуриеттер катышат.

Фото галерея