УРМЭУ менен ОшМУ кызматташуу жол картасын кабыл алышты

Башкы Жаңылыктар

УРМЭУ менен ОшМУ кызматташуу жол картасын кабыл алышты

Image

Урал мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университеттеринин жетекчилеринин ортосунда видеоконференция уюштурулду. Ага Россия тараптан ректор Яков Силин баштаган жетекчилер, ОшМУдан  ректор Кудайберди Кожобеков баштаган проректорлор, директорлор  катышты. 
Онлайн жыйында кош дипломдуулук программасы, онлайн жана оффлайн форматтагы академиялык мобилдүүлүк, профессордук окутуучулук курамдын жана адистердин билимин жогорулатуу курстарын (лекция, семинар, төгөрөк стол, конференция ж.б.) уюштуруу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий эмгектерди жарыялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Ошондой эле жыйында жогоруда саналган маселелер камтылган, 18 пункттан турган кызматташуу жол картасы бекитилди.
Ректор Я.П. Силин кесиптеши К.Г. Кожобековго 26-29-апрель күндөрү УрМЭУда өтө турган “Россия и регионы мира: воплощение идей и экономика возможностей” аттуу жаштардын XI евразия экономикалык форумга өкүлдөрдү жибере тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Кудайберди Кожобеков салтка айланып калган форумду мындан ары ОшМУ менен биргеликте өткөрүүнү сунуштады жана ректор мырзадан ОшМУга иш сапары менен келип кетүүсүн өтүндү.

Фото галерея