ОшМУ - табият таануудан жашыл экономикага жана жашыл туризмге

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ - табият таануудан жашыл экономикага жана жашыл туризмге

Image

16-апрелде “Тоо экосистемаларын коргоо  жана климаттык туруктуулук жылынын” алкагындагы “Жашыл мурас” улуттук иш-чарасын өттү. 
Иш-чарага ОшМУнун ректору К. Кожобеков баштаган ректорат жамааты катышып, окуу жана илим изилдөө процесстерин өндүрүш жана бизнес менен айкалыштыруу, студенттик стартаптарды окуу жай дайыма колдой тургандыгын  белгиледи.

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин география жана туризм багыттарынын студенттери жана окутуучулар жамааты
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы 2017-жылы жер сүрүлүү жүргөн жерге 200 түп дарак көчөттөрүн отургузуп, жаңгак уруктарын ташташты.
“Бул участок жергиликтүү бийлик жана биздин факультеттин ортосундагы атайын келишимдин негизинде  доцент А.Аккуловдун уюштуруусууда келечекте жашыл тилкеге айланып, табият таануу, туризм жана айыл чарбасы жаатында илимий иштерди жүргүзүүчү жана практикалык сабактарды өтүүчү полигонго айланат”,- дейт ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы А. Низамиев.

Фото галерея