ОшМУнун PhD докторанттары илимий изилдөө практикасында болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун PhD докторанттары илимий изилдөө практикасында болду

Image

16-апрелде  “коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина” багытынын PhD докторанттары 6 жумалык илимий-изилдөө практикасынан кайтып келишип, отчетторун тапшырды. 
Конференцияга магистратура жана PhD докторантура департаментинин директору  Идирис Кенжаев, “коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина” багытынын программа жетекчиси Р.Калматов жана PhD докторанттар катышты.  6 жумалык практика учурунда  PhD доктранттар ата мекендик илимий жетекчиси менен биргеликте  докторлук диссертациясынын планын түзүп, изилдөөлөрдү жүргүзүп, айрым докторанттар илимий макалаларын  SKOPUS, Web of Science журналдарына басууга жиберишти. 
Программа жетекчи  Роман Калматов докторанттарга изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн университеттин клиникасынын лабораториясынан акысыз пайдаланууну сунуштады. Конкурстук негизде тандалып алынган 4 докторант 2022-2023- окуу жылында 1 ай мөөнөткө чет өлкөгө илимий тажрыйба алмашууга барат. Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина багыты боюнча  жалпы 13 докторант бар.

Фото галерея