Казакстандык профессор Карлыгаш Тогузбаева «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери"

Башкы Жаңылыктар

Казакстандык профессор Карлыгаш Тогузбаева «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери"

Image

С.Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинин профессору,  м.и.д.  Карлыгаш Тогузбаевага ОшМУнун "Эмгек сиңирген ишмери" медалы ыйгарылды, сыйлыкты ректор Кудайберди  Кожобеков тапшырды. Жолугушууда   эки окуу жайдын кызматташтык алакалары, Erasmus программаларынын алкагында ишке ашып жаткан  долбоор боюнча пикир алышты.

Профессор Карлыгаш Тогузбаева   ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин магистранттарына жана докторанттарына  конок лекция окуп, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Карлыгаш Тогузбаева   450дөн ашык илимий эмгектердин жана окуу китептеринин автору. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү медициналык жогорку окуу жайларда  конок  профессор катары тренингдерди, мастер-класстарды, лекцияларды өткөрүп келет. 2017-жылы Эстониянын Тату университетинде,  Кыргызстандын Эл аралык университетинде, 2018-жылы Италиянын Милан университетинде, 2019-жылы АКШнын  Небраска университетинде конок лекцияларды окуган.

Фото галерея