Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү

Башкы Жаңылыктар

Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү

Image

Университеттин физика жана техника факультетинде ОшТУнун профессору Асан Боронбаевдин  "Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн музейи" аталышындагы китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чарага  ректор Кудайберди Кожобеков баштаган ОшМУнун жамааты, ОшТУнун, ОшМПУнун ректорлору  катышты.

Китепте 500дөн ашык өсүмдүктөрдүн,  25ке жакын канаттуулардын, жырткыч айбанаттардын  жана дары чөптөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрү киргизилген. Китеп ангилис , орус тилдерине да которулган.

Кулун-Ата коругу — Кара-Кулжа районунун аймагында.  Батыш Теңир-Тоонун табигый жаратылыш комплексин сактоо, арчаийне жалбырактуу токойлорун, өсүмдүк-жаныбарлар дүйнөсүн жана тоо көлүнүн экологиялык  системасын коргоо максатында 2004-жылы уюштурулган. Аянты 27,4 миң га,жаныбарлардын 32, өсүмдүктөрдүн 808 түрү кездешет. Корук жаратылыш шартынын ар түрдүүлүгү жана табигый ресурстарына байлыгы менен өзгөчөлөнөт.

Фото галерея