Кесиптик кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде окутуу маселелери талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Кесиптик кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде окутуу маселелери талкууланды

Image

ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин №1 факультеттер аралык  кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу  кафедрасынын башчысы, доцент З.Каразакова жана улук окутуучулар Н.Караева, Г.Мамадиевалар менен иш сапарда болду.

Иш сапардын алкагында  «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин  директору Б.Топоева-Ставинская,  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысы , профессор  Б. Байсабаев жана профессор Ж. Чыманов жана Кыргы-Түрк Манас университетинин чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү Режеп Йүрүмез, орун басары С.Вайсканова, кыргыз тили координаторлугунун жетекчиси А.Мамадиев, Кыргызстан эл аралык университетинин окуу иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Ж.Омурзакова жана азыркы тилдер кафедрасынын  доценти А.Исмаиловалар менен жолугушуп, кесиптик кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде окутуу, тажрыйба алмашуу боюнча маселелер талкууланып,  эки тараптуу кызматташууда бир катар алгылыктуу иштер пландалды.

 Ошондой эле, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин  тилди тутумдук-деңгээлдик талаптарга ылайык окутуу, баалоо системасы,  деңгээлдештирилген тест тапшырмасынын негизги талаптары боюнча курстан окуп, "Деңгээлдештирилген «Кыргызтест» системасы боюнча тест тапшырмаларын иштеп чыгуу ыкмалары" аталыштагы сертификатка ээ болушту.

Фото галерея