Ординаторлор таймашты

Башкы Жаңылыктар

Ординаторлор таймашты

Image

Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунда  стоматология багытынын ординаторлору  арасында олимпиада болуп өттү. Олимпиадада  катышуучулар муляждардын жардамында тиштерди ортопедиялык коронкаларга аралап, калып алуу менен моделдерди жасашты.  
Олимпиаданын  максаты ординаторлордун алган билимин текшерүү жана чыңдоо. Иш-чарага  3 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду "Винир" командасы жеңишке жетишип, дипломдор менен сыйланды. 
ОшМУнун  дипломдон кийинки үзгүлтүксүз  медициналык  билим берүү борбору 28 адистик боюнча угуучуларды ординатурага  кабыл алып,  жогорку  кесиптик деңгээлдеги врач адистерди даярдайт. Борборду аяктагандан  кийин , угуучуларга  мамлекеттик  үлгүдөгү  сертификаттар  берилет.

Фото галерея