Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен келген делегация ОшМУ менен таанышууда

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен келген делегация ОшМУ менен таанышууда

Image

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин информациялык технологиялар факультетинин деканын орун басары Паризат Насырымбекова баштаган делегация ОшМУда болушту. Окуу жайда илимий иштер боюнча проректор Р.Арапбаев жана эл аралык байланыштар департаментинин директору А.Абдувалиев менен жолугуп, билим берүү, илим, эл аралык байланыштар багытында пикир алышты.

21-апрелден 24-апрелге чейин улануучу иш сапардын алкагында коноктор окуу жайдын Математика жана информациялык технологиялар факультетинде болуп, жетекчилик менен жолугуп окутуучулар, студенттер арасында мобилдүүлүк иш-аракеттерин күчөтүү, кош дипломдуулук маселелерин сүйлөшүштү. Факультеттин колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедраларынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. 23-апрелде ушул эле кафедранын студенттеринин колунан жаралган эмгектерине күбө болушат. Ошондой эле окуу жайдын факультеттери, медициналык клиникаларын көрүшөт.

Ушул жылдын 10-февралында аталган окуу жайга ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинен делегация барып, тажрыйба алмашып келишкен.

 

Фото галерея