"Чыгыш тилдери боюнча II республикалык сынак" өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

"Чыгыш тилдери боюнча II республикалык сынак" өтүп жатат

Image

ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасы тарабынан "Чыгыш тилдери боюнча II  республикалык сынак" өтүп жатат. Сынакка   ОшМУнун студент, магистранттары, ОшМПУнун, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргыз улуттук университетинин   магистранттар, студенттер катышууда.  Сынактын алкагында өтүп жаткан иш-чараларга аталган жогорку окуу жайлардан факультеттин декандары, кафедра башчылары да конок катары катышууда.

“Экинчи жолу өтүп жаткан сынакта студенттер жана магистранттар кытай, япон, корей, араб, түрк, фарсы тилдери боюнча 1 деңгээлден 5 деңгээлге чейинки суроолого жооп беришет. Сынактын жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон студенттер диплом, баалуу белектер менен сыйланышат”, -деди чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Жолдошбек Бөтөнөев.

28-апрель күнү Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасы тарабынан окуу жайдын башкы имаратында “Фергана өрөөнүндөгү чек ара конфликттери: учурдагы абалы жана келечеги” деген темада эл  аралык илимий-практикалык конференция болот. Конференцияга Тажикистан, Өзбекстан, Казакстан, Орусиядан окумуштуулар катышат.

Фото галерея