ОшМУда КРдин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда КРдин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору талкууланды

Image

Талкууга Билим берүү жана илим министринин орун басары   Расул Абазбек уулу, министрликтин  укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов, финансылык анализ жана бюджеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси   Салмоор Асанов  катышты.

Жыйын Ош шаарынын, Ош облусунун билим берүү башкармалыктарынын башчылары, мектеп директорлору, ЖОЖдордун жетекчилери жана окутуучулары менен биргеликте талкуу менен коштолду. 

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясынын долбооруна кирген жаңы көз караштар, мыйзамдар, өзгөрүүлөр боюнча презентация жасалды.  Билим берүү системасындагы реформалар, бала бакчадагы, мектептеги, ЖОЖдордогу жетишкендиктер менен көйгөйлөр, 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча жыйындын катышуучулары суроо беришип, жоопторду алышты.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын  жаңы редакциясынын долбоорун талкуулоо учурда жер-жерлерде уланып жатат.

Фото галерея