Интерактивдүү лапароскопиялык симулятор сатып алынды

Башкы Жаңылыктар

Интерактивдүү лапароскопиялык симулятор сатып алынды

Image

ОшМУнун эл аралык медицина факультетине интерактивдүү лапараскопиялык симулятор сатып алынды. Аталган аппарат 24-апрелден тартып  факультетте колдонууга берилди.

Интерактивдүү лапароскопиялык симулятор хирургия, гинекология жана урология боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, эндохирургиялык аспаптарды колдонууну өздөштүрүү, тактилдик сезгичтикти реалдуу симуляциялоо менен виртуалдык чөйрөдө абдоминалдык хирургияда, гинекологияда жана урологияда эндохирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүүнүн практикалык көндүмдөрүн жана ыкмаларын үйрөнүүгө багытталган.

«Практикалык көндүмдөрдү аткарууда  бир нече татаал деңгээлдер бар, алар  камера менен башкаруу, эки колду координациялоо, өт баштыкчасын кесүү, эндоскопиялык тигиш сыяктуу. Аппараттын бөлүгү чыныгы эндохирургиялык аспаптар менен толук окшош жасалган. Андан сырткары жеке окуу программасын орнотуу, тестирлөө мүмкүнчүлүгү, көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн натыйжасын жана ылдамдыгын көзөмөлдөөгө болот. Интерактивдүү лапараскопиялык тренажер студенттерге машыгуунун бир нече деңгээлин тандоого мүмкүндүк берет», -деди Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов.

 

Фото галерея