ОшМУда педагогикалык адистиктердин бүтүрүүчүлөрү мектептерге бөлүштүрүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда педагогикалык адистиктердин бүтүрүүчүлөрү мектептерге бөлүштүрүлдү

Image

ОшМУда 2021-2022-окуу жылынын бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү  жараяны өткөрүлдү.

Жыйынга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору З.Божонов, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Турдубаева, Кесиптик бирликтин төрагасы А.Саттаров, факультеттин декандары  Ош облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, мектеп директорлору катышты.

 Бүтүрүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген ваканттык жана билим берүү бөлүмдөрүнөн келген талапнаамаларда көрсөтүлгөн орундарга бөлүштүрүлдү.

Бөлүштүрүүгө университеттеги педагогикалык (бюджет) адистикке ээ болгон  158  бүтүрүүчү катышты.

Фото галерея