ОшМУ Билим берүү министрлиги менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Билим берүү министрлиги менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында кызматташат

Image

 Билим берүү жана илим министринин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гулнара Ибраимова ОшМУда болду.

Иш сапардын алкагында окуу жайдын  кесиптик билим берүүчү колледждеринде, мектептерде, бакалавриатта кыргыз  тилин окутуп жаткан адистер менен жолугушту. Министрликте жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик тил боюнча пландарын айтып, келечектеги боло турган иш аракеттер  менен тааныштырды. Жыйындын жүрүшүндө ОшМУда эмгектенген кесипкөй адистер өздөрүнүн идеяларын, сунуштарын айтып, суроолорун беришти.

Жыйынтыгында ОшМУ мамлекеттик тилди, кыргыз тилин окутуу багытында министрлик менен биргеликте чогуу кызматташа турган бир пикирге келишти.

Фото галерея