Ачык эшиктер күнү-2022: ОшМУда Билим майрамы башталды

Башкы Жаңылыктар

Ачык эшиктер күнү-2022: ОшМУда Билим майрамы башталды

Image

Билим майрамына Кыргызстандын түштүк регионундагы 175 мектептен 5 миңге чукул бүтүрүүчү, ата-энелер, мектеп директорлору жана мугалимдер келди.

Коноктор университеттеги билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы жана адистиктер менен таанышып жатышат.

Иш-чарада  концерттик программа, факультеттердин көргөзмөлөрү, презентациялары көрсөтүлдү. Ата-энелердин, абитуриенттердин, чет өлкөдө окуп келген студенттердин, алдынкы студенттердин, иш берүүчүлөр жана сыймыктуу бүтүрүүчүлөр тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. 

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кесиптик багытоо, тилдик деңгээлди аныктоо, ЖТР боюнча  он-лайн  тестирлөө жүргүзүлөт.

Билим майрамы “Заманбап билим берүү: сапаттуу адистерди даярдоодо жогорку окуу жайлар менен иш берүүчүлөрдүн байланышынын ролу” аттуу конференция менен жыйынтыкталат.

Билим майрамын онлайн https://instagram.com/oshsu.kg?igshid=YmMyMTA2M2Y= баракчасынан көрүүгө болот.

Фото галерея