Ачык эшиктер күнү-2022: Мыкты окуучулар сыйланды 

Башкы Жаңылыктар

Ачык эшиктер күнү-2022: Мыкты окуучулар сыйланды 

Image

Буга чейин  “Ачык эшиктер күнүнө” карата мектеп окуучулары арасында эссе сынагы жарыяланган.  Окуучулардан  “Менин тандоом – ОшМУ”, “Мой выбор - ОшГУ" аталыштарында 50дөн ашуун эссе келип түшкөн. 
Бүгүн билим майрамында жыйынтыгы чыгарылып, 1-орунду  Шахзода Ёкуббекова, 2-орунду Анара Болбурова, ал эми 3-орунга Зуура Жээнбекова менен Перизат Эрнис кызы ээ болду.  
Ошондой эле, ЖРТ боюнча да он-лайн тестирлөө жүргүзүлүп, 1-орунга Байыш Сабиржанов, 2-орунга  Азамат Атамбиев, 3-орунга  Бермет Раманова татыктуу болду.
Жеңүүчүлөр смартфон, зымсыз кулакчын жана баалуу белектер менен сыйланышты. 
Ачык эшиктер күнүнө Кыргызстандын түштүк регионундагы 175 мектептен 5 миңге чукул бүтүрүүчү, ата-энелер, мектеп директорлору жана мугалимдер келди.

Фото галерея