“Ачык эшиктер күнү -2022”: Мектеп менен ЖОЖдун байланышы

Башкы Жаңылыктар

“Ачык эшиктер күнү -2022”: Мектеп менен ЖОЖдун байланышы

Image

ОшМУда өткөн “Ачык эшиктер күнү” иш-чарасынын алкагында “Заманбап билим берүү: сапаттуу адистерди даярдоодо жогорку окуу жайлар менен иш берүүчүлөрдүн байланышынын ролу” аттуу конференция өттү.  Ага  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептердин директорлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, иш берүүчүлөр катышты.

Жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын келечек пландары, алдыдагы максаттары  тууралуу баян жасады.

Ал эми ОшМУнун орто кесиптик билим берүү уюмдары менен иштөө боюнча проректору Тажимамат Эркебаев “ОшМУга кабыл алынган абитуриенттердин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча анализ” деген темада маалымат берди. Маалыматта  ОшМУда 2021-2022-окуу жылына кабыл алынган студенттердин саны боюнча мектептердин рейтинги чыгарылды. Рейтингдеги биринчи бештикке Ноокат районунун Борко лицейи, У. Салиева атындагы зээндүү балдар лицей-интернаты, М.Гапаров атындагы зээндүү балдар гимназия-интернаты, Ноокат билимканасы, Кадамжай райондук лицей-мектеби кирген. ОшМУ менен кызматташкан алдыңкы мектептерге окуу жайдын атынан дипломдор, баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында ЖАМУнун чет элдик студенттер менен иштөө боюнча адиси Татьяна Смирнова   «ОшМУ менен ЖАМУнун медицина тармагындагы биргелешкен билим берүү программалары: тажрыйба», ОшМУнун  доцент Каразакова Зувайда, улук окутуучу Мамадиева Гүлзар “Кыргыз тилин кесиптик багытта жана тутумдук-деңгээлдик негизде окутуу - заман талабы”, Халык банк Кыргызстан – Ош КБ ААК  директору Мирлан Шоноев “Бүтүрүүчү иш берүүчүнүн көзү менен” аталыштардагы баяндамаларын жасашты. 

Жыйындын алкагында мектеп менен жогорку окуу жайдын байланыштары  темасында талкуу уюштурулду. Соңунда ОшМУнун таланттуу окутуучуларынын, студенттеринин концерттик программасы тартууланды.

Фото галерея