Өзбекстандын эки жогорку окуу жайы менен меморандумга кол коюлду

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандын эки жогорку окуу жайы менен меморандумга кол коюлду

Image

ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын окутуучулары иш сапар менен Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникация универстетинде жана Өзбекстан мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин Медиа жана коммуникация факультетинде болуп келишти.  Иш сапардын алкагында эки жогорку окуу жай менен кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Делегациянын курамында Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин декандын окуу иштери боюнча орун басары Нуржамал Мапаева, журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова, кафедранын окутуучулары Чынара Абдиева, Махабат Мамырова, Зарина Маматжанова болду.

Кол коюлган меморандумда окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүү маселелери каралган.

Мындан сырткары окутуучулар окуу жайлар менен таанышып, ОшМУ тууралуу маалыматтарды беришти. Журналистика багытында конок лекцияларды окуган окутуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Фото галерея