ОшМУда журналистика адистигинин студенттери үчүн конференция өтүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда журналистика адистигинин студенттери үчүн конференция өтүүдө

Image

ОшМУда "Профессионалдык журналистиканын өнүгүүсүнүн заманбап чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү" деген аталышта журналистика факультеттеринин студенттеринин республикалык конференциясы өтүп жатат. 
Конференция “Мыкты калем” демилгесинин алкагында өткөрүлүүдө. Ага  жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, “Мыкты калем” программасынын катышуучулары, программанын  өнөктөштөрү катышууда. 
Конференция  кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү жана сөз эркиндиги маселелери боюнча коомдук маанилүү талкууларга Кыргызстандагы журналистика факультеттеринин студенттерин тартуу максатын көздөйт.
Ал эми “Мыкты калем” демилгесинин негизинде  өлкөдөгү журналистика адистигин окуткан жогорку окуу жайлардан 45ке жакын студенттер тандалып алынып,  заманбап журналистиканын жаңы мүмкүнчүлүктөрү боюөнча окутуулардан өткөн.

Фото галерея