ОшМУ «Атырау университети» коммерциялык эмес акционердик коому менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ «Атырау университети» коммерциялык эмес акционердик коому менен кызматташат

Image

Мындай меморандумга Х.Досмухамедов атындагы Атырау университетинин төрагасы-ректору Саламат Идирисов жана ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев кол койду.

Бул меморандум жогорку билим берүү, илим жана маданият тармагында түз жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Мындан ары кызматташуунун алкагында студенттерди окутуу, кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стажировкаларды уюштуруу, кесиптик практикадан өтүү, профессордук-окутуучулук курамды, студенттерди, аспиранттарды жана докторанттар менен академиялык алмашуу иш аракеттери жанданат. Жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды жана эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдө адистерди даярдоодо кызматташуу багытында, кош дипломдуулук  окуу пландарын жана биргелешкен билим берүү программаларын даярдоо жана өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашат.

ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев 12-13-май күндөрү Казакстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ректорлорунун форумуна катышкан.

Фото галерея