ОшМУ “Коркыт Ата” атындагы Кызылорда университети менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ “Коркыт Ата” атындагы Кызылорда университети менен кызматташат

Image

ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев “Коркыт Ата” атындагы Кызылорда университетинин ректору Каримова Бейбиткуль  менен өз ара кызматташуу меморандумуна кол койду.

Меморандумга ылайык эки окуу жай академиялык жана илимий изилдөөлөрдүн максаттуулугун таануу, билим берүү жана илимий изилдөөлөр тармагында кызматташат. Андан сырткары профессордук-окутуучулук курам ортосунда конок лекцияларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен конференцияларды өткөрүү маселелери да каралган.

Иш-чара Казакстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ректорлорунун форумуна алкагында ишке ашты.

Фото галерея