Студенттер жоокерлердин ант берүү аземине катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер жоокерлердин ант берүү аземине катышты

Image

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин жети,  эл аралык билим берүү программалары колледжинин үч тайпасынын студенттери 36806 аскер бөлүгүндө жазгы чакырылыш менен келген жаш жоокерлердин ант берүү аземи катышты.

Анда студенттерге аскердик казармалар,  жоокерлердин жашоосу жана курал-жарактар көрсөтүлдү.

 Иш-чаранын алкагында ОшМУнун аскерге чейинки даярдык предметинин окутуучусу, запастагы подполковник Жуманазар Самидиновго 36806 аскер бөлүгү тарабынан студенттерди тарбиялоодогу кошкон салымы үчүн Грамота тапшырылды.

  Мындай иш-чаралар студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, аскер турмушу менен тааныштыруу максатында уюштурулуп келет.

Фото галерея