ОшМУда эски китептерди инвентаризациялоо жүрүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда эски китептерди инвентаризациялоо жүрүүдө

Image

ОшМУнин илимий китепканасы 2021-жылдын 6-декабрынан баштап математика жана информациялык технологиялар, физика техника факультеттеринин китепканасынын фондун инвентаризациялоо жүрүп жатат.  Аталган факультеттердин китепканаларынын фондуна текшерүү жүргүзүлүп, фонддогу саясий китептер, брошюралар, окуу китептер, окуу куралдар, усулдук колдонмолор жана мектеп китептеринин эскирип программадан  чыккандыгы аныкталган. Ошондой эле,  китеп фонду  сакталган жайдын китепти  сактоо эрежесини нормалары туура келбегендиги жана нымдуулук жогору болгондуктан, талапка жооп бербеген китептер ОшМУнун  Китеп фонду жөнүндөгү буйругунун негизинде 4 даанадан фондго алып калып 1 даанасын сканерден өткөрүп, электрондук китеп түрүндө жайгаштыруу башталды. Бүгүнкү күндө 2 500дөн ашуун электрондук китептер бар. Университеттин жалпы китеп фонду 1млнго жакын.

Фото галерея