ОшМУ Орусиялык окуу жай менен келишимге кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Орусиялык окуу жай менен келишимге кол койду

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков П.П.Семёнов-Тян-Шанский   атындагы Эл аралык гуманитардык университетинин ректору Марина Пименова  менен эки тараптуу келишимге кол койду.

Келишимде жогорку окуу жайлар биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

16-майда П.П.Семёнов-Тян-Шанский атындагы Эл аралык гуманитардык университетинин ректору Марина Пименова жана АКШнын Вирджиния штатынан келген профессор Анет Чамбер ОшМУга иш сапары менен келишкен. Коноктор ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугуп,  кызматташуу багыттарын талкуулашкан.  Профессор Марина Пименова Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар факультетинде жаш окутуучулар жана студенттер үчүн квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрсө,  профессор Анет Чамбер студенттерге конок лекция өттү.

Фото галерея