Чехиялык докторант, магистранттар ОшМУда билим алат

Башкы Жаңылыктар

Чехиялык докторант, магистранттар ОшМУда билим алат

Image

Чехиянын Батыш Чех университетинен келген тарыхчы-окумуштуулар ОшМУда болуп, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушту.  Жолугушууда Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосунда 5 жылдан бери ишке ашып келе жаткан эки тараптуу кызматташуу келишимдери жөнүндө сөз болду.

Учурда изилдөөчүлөрдү  Батыш Чех университетинин профессору, археология кафедрасынын башчысы Павел Варжека жетектеп келген. Алар 16-майдан 16-июнга чейин Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында биздин заманга чейин V кылымга таандык Кушан доорундагы  археологиялык казууларды жүргүзүшөт.

“Археологиялык изилдөөлөргө ОшМУдан адистер,  студенттер да  катышат. Андан сырткары ОшМУга Батыш Чех университетинен 3 докторант, 3 магистрант да келген. Алар окуу жайдын Чыгыш таануу жана тарых факультетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүшөт”, -деди Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы Сабыр Арстанов.

Фото галерея