Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканын шайлоо өтөт

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканын шайлоо өтөт

Image

“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” жобосуна ылайык ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин   деканын шайлоо өткөрүү боюнча ректордун буйругунун негизинде уюштуруу комитети түзүлдү.

Уюштуруу комитетинин төрагасы ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент З. Божонов. Факультеттин деканын шайлоо боюнча курамда ОшМУнун окумуштуу катчысы Дж.Асанбекова, ОшМУнун укук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы У. Суеркулов, ОшМУнун кесиптик кошуунунун төрагасы, доцент  А. Саттаров, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилин окутуунун усулу кафедрасынын доценти З. Калмаматова, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин профбюро төрайымы, улук окутуучу Ч. Аспердиева бар.

Комиссиянын чечимине  ылайык талапкерлерди каттоо 18-майдан башталат. Шайлоо 30-майда  өтөт.