Жигер чыгармачылык жаштар борборуна 10 жыл

Башкы Жаңылыктар

Жигер чыгармачылык жаштар борборуна 10 жыл

Image

17-май күнү Ош мамлекеттик университетинде Жигер чыгармачылык жаштар борборунун 10 жылдыгына карата "Кыздары кыйын кыргыздын" аттуу өлкө боюнча чыгармачылык борборлордун кыздары арасында интеллектуалдык өнөр таймашы өттү. 
Сынакка өлкөнүн бардык дубандарынан кыздар келип билимин, өнөрүн көрсөтүштү. Таймаш учурунда кыздардын интеллектуалдык билими гана текшербестен алардын шамдагайлыгы, кол өнөрчүлүгү, ашканадагы чеберчилиги да бааланды. 
Баш байгени Бишкектен келген "Жаңы толкун" командасы(10 000 сом), 1-орунду "Жаратман" командасы(7 000 сом), 2-орунду "Адеп башаты Жалал-Абад"(5000 сом) ал эми 3-орунду "Таалим" командасы(3000 сом) ээледи. Катышкан командалар баалуу белектер менен сыйланышты. Жигердин жалпы мүчөлөрүнүн чыгармаларынан түзүлгөн альманах көрсөтмөгө коюлуп, борбордун дизайнер мүчөлөрүнүн коллекциясы көрүүчүлөргө сунушталды.

Фото галерея