Интеллектуалдык–илимий жумалык башталды

Башкы Жаңылыктар

Интеллектуалдык–илимий жумалык башталды

Image

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде интеллектуалдык–илимий жумалыгы башталды. Иш-чаранын ачылуу аземине ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты. 

Иш чарада жыл сайын окуу жайда апрель айында илимий жумалыктар уюштурулуп келери, быйылкы окуу жылында да бардык факультет, колледждерде илимий жумалыктар өткөндүгү белгиленди. Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 23-майдан 28-майга чейин улануучу жумалыкта ар күнү студенттерди илим, билим алууга  багыттаган, илимий потенциалын ачууга арналган жолугушуулар, конок лекциялар, мастер-класстар, илимий вебинарлар, студенттик конференциялар уюштурулары айтылды.

Жумалыктын алкагында активдүүлүгүн  көрсөткөн ар бир студентке ОшМУнун, Ош шаарынын мэриясына караштуу жаштар иштери боюнча комитетинин сыйлуу баракчалары ыйгарылат.

Фото галерея