КРСУнун профессор, доценттери конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

КРСУнун профессор, доценттери конок лекция окуду

Image

17-19-май күндөрү КРСУнун "Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо" кафедрасынын башчысы профессор Накен Касиев жана доценттер Ольга Болбачан, Жылдыз  Ибраимова медицина факультетинде аспиранттар үчүн медициналык  статистика боюнча семинарларды өтүштү. Ошондой эле,факультеттин жогорку курстары үчүн "Саламаттык сактоонун реформасы" жана "Ден соолукту чыңдоо" темалары боюнча лекциялар болду.
Иш-чараны жалпы хирургия кафедрасы уюштурду. Конок лекторлор ОшМУ менен Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун өз ара кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүк иш-чаралараларынын алкагында  келди.
Жылына орточо эсеп менен ОшМУга 100дөн ашуун лекторлор келип конок лекцияларды өтүп кетишет. Мындан сырткары  окуу жай кызматташкан дүйнөнүн 300дөн ашуун университеттеринен да конок лекторлор келишет.

Фото галерея