ОшМУда EdNet аккредитациялык агенттиги көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүнү баштады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда EdNet аккредитациялык агенттиги көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүнү баштады

Image

Бүгүн, 26-майда ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетинин автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасы жана  Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн программалык инженерия багыты EdNet аккредитациялык агенттигинен көз карандысыз аккредитациядан өтүүнү баштады. Эксперттик курамда Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан, академиялык эксперттер, жумуш берүүчүлөр жана жарандык коомдун өкүлдөрү, студенттер бар.

EdNet аккредитациялык агенттигинин эксперттери текшерүүнүн алгачкы күнү программаларды өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, кафедра башчылары менен жолугушууларды өткөрүшүп, документтерди кароо менен иш алып барууда.

Андан сыртка материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшмөкчү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышат.

Фото галерея