Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы шайланды

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы шайланды

Image

“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” жобосуна ылайык 30-майда Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо өттү.

Шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен ф.и.к, доцент Рахат Сагындыкова Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы болуп 5 жылдык мөөнөткө  шайланды.

Шайлоону уюштуруу комитетинин төрагасы, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов декандык кызматка шайланган доцент Рахат Сагындыковага ийгилик каалап, аксакалдар ак батасын беришти.

Рахат Сагындыкова аталган факультеттин англис тилин окутуунун методикасы кафедрасынын доценти, ал 2021-жылдын  декабрынан тартып факультетинин деканынын милдетин аткаруучу кызматына аркалап келген.