Академиялык мобилдүүлүктө жүргөн студенттер Каппадокияда болду

Башкы Жаңылыктар

Академиялык мобилдүүлүктө жүргөн студенттер Каппадокияда болду

Image

ОшМУнун Туркиянын Сивас Жумхуриет университетине академиялык мобилдүүлүктө билим алып жүргөн студенттери, дем алыш күндөрүн пайдалануу менен Туркиянын туристтер көп агылып келген Каппадокия жерине саякатка барышты.

Саякатта студенттер тарыхый жерлерде болуп, түрк маданияты, каада салты боюнча маалыматтарга ээ болуп жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Студенттер окуу менен бирге Туркиянын мындан башка кооз, тарыхый жерлерин ар кандай турлар аркылуу көрүп келүүдө.

Учурда Түркиянын Сивас Жумхуриет университетинде окуу жайдын 19 студенти 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестрин академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында окуп жатышат.

Булар Математика жана маалымат технологиялары, Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар, Эл аралык мамилелер, Искусство факультетинин жана Эл аралык билим берүү программаларынын Жогорку мектебинин студенттери.

Буга чейин Сивас Жумхуриет университетинде 24 студент билим алып келген.

 

 

Фото галерея