Студенттер Өзбекстанда өткөн “Жаштар” фестивалына катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Өзбекстанда өткөн “Жаштар” фестивалына катышты

Image

Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде окуу жайдын 19 студенти   академиялык мобилдүүлүк боюнча 10- майдан 25-майга чейин окуп келишти. Алмашып окуу программасына  Дүйнөлүк тилдер жана маданият, Математика жана  информациялык технологиялар, Бизнес жана менеджмент, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттеринин студенттери барышты.  
Окуудан сырткары алар университетте өткөн “Жаштар” фестивалына катышты. Мында алар кыргыз элинин улуттук ыр-бийлерин аткарып, тамак-аштын түрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында ОшМУнун студенттери атайын сертификаттар берилди.
Бүгүнкү күндө ОшМУ чет өлкөлүк 300гө жакын ЖОЖ менен кызматташат. Студенттер академиялык мобилдүүлүк боюнча чет өлкөдөгү 267 окуу жайда билим алып келсе болот.

Фото галерея